super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова коло медалдар үчүн күрөшөт

 

Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунун 3-мелдеш күнү өтүүдө. Анда кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 5 медалдар топтому ойнотулуп, Кыргыз балбандары Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова коло медалдар үчүн күч сынашат.

76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Айпери Медет кызы чейрек финалда япониялык Минагава Сузуки менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилип калган. Япониялык балбан финалга чыкканына байланыштуу Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Анда Кыргыз балбаны Түштүк Кореянын спортчусу Енжу Вонг менен беттешет.

68 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Мээрим Жуманазарова алгачкы беттешинде япониялык Маи Хаякаваны жеңип алып, жарым финалга чыкты. Финалга чыгуу үчүн беттеште Мээрим Жуманазарова монголиялык Тументсетсег Шархуу менен кез келди. Тилекке каршы, беттештин аягында монголиялык балбан эсепти 2:2 кылып, акыркы кыймыл жасаган үчүн финалга өтүп кетти. Ал эми Жуманазарова коло медаль үчүн индиялык Дивия Какран менен беттешет.

Ошондой эле Кыргыз балбандары Нураида Анаркулова жана Саяна Баизова атаандаштарына жеңилип медалдар үчүн күрөштү токтотту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.03.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тыныбекова жонундо маалымат берип койгула?
01.03.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Karasuu27, Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиодугуна катышкан жок да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: