super.kg logo

Жогорку Кеңеште эл аралык Ысык-Көл кинофестивалын өткөрүү жөнүндө токтом долбоору талкууланды

 

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеӊеште Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында жыл сайын эл аралык Ысык-Көл кинофестивалын өткөрүү жөнүндө токтомдун долбоору каралды. Баяндаманы "Ата Мекен" фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз жасады.

Анын айтымында, Ысык-Көл кинофестивалы КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын маанилүү иш-чараларынын бири болуп калат. "Бул иш-чара Кыргыз мамлекети, Жогорку Кеңеш үчүн да кыйла маанилүү. Анын чыгымын жалгыз Кыргыз мамлекети эмес, КМШга мүчө мамлекеттер да кошо тартат. Улуттук кинонун өсүшүнө да өбөлгө түзүлөт", - дейт ал.

Аталган фракциядан депутат Каныбек Иманалиев Ысык-Көл кинофестивалы туризмдин өнүгүшүнөн тышкары, инвестициянын тартылыша, кошумча каражаттын түшүүсүнө да мүмкүнчүлүк түзө турганын айтты. “Ушул тапта өлкөнүн киночулары жараткан тасмалар эл аралык деӊгээлде таанылды. Анын үстүнө мындай демилге Жогорку Кеӊештин да аброюн көтөрөт деген ойдомун”, - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.03.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
5 жылга оюн зоок.майрамдамдарды.анын 100 жылдыгы мунун 90 жылдыгы деген майрамдарды токтотпойсунарбы.5 жылдан кийин кичине онугуп алгандан кийин откоро бергиле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: