super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-МАРТ: Өлкөнүн 4 президентине расмий фотограф болгон Султан Досалиев 37 жашка чыкты

 
Султан Досалиев тарткан сүрөт
Султан Досалиев тарткан сүрөт
Султан Досалиев тарткан сүрөт
Султан Досалиев тарткан сүрөт
Султан Досалиев тарткан сүрөт
Султан Досалиев тарткан сүрөт
Султан Досалиев тарткан сүрөт
Султан Досалиев тарткан сүрөт
Султан Досалиев тарткан сүрөт
Султан Досалиев тарткан сүрөт
Султан Досалиев тарткан сүрөт

Эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында 5 президент болсо, анын төртөөнүн расмий фотографы болууга жетишүү - чоң ийгилик. Буга чейинки 3 президенттин жана азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун учурдагы расмий фотографы Султан Досалиев бүгүн, 1-мартта 37 жашка толду.

"1-марттын алгачкы мүнөтүндө кызым жана келинчегим биринчилерден болуп куттукташты. Андан кийин ата-энем, жакындарым куттуктоолорун узата башташты. Туулган күнүм кадимки жумуш күндөрүндөй эле жетекчиликтин тапшырмасын аткаруу менен өтүп жатат", - дейт фотограф.

Ал белгилегендей, 2009-жылы Бишкектеги мамлекеттик агенттиктердин биринде иштеп жүргөндө президенттин басма сөз кызматына жумушка чакырышкан. Сыноодон өтүп кетип, президенттин фотографы болуп калган.

Кесибин сүйгөндүктөн жана жумушуна жоопкерчилик менен карап, керектүү көз ирмемди өткөрүп жибербей сүрөткө тартып калган жөндөмүнүн аркасында 4 президенттин тең өз фотографы болуп келе жатат.

Султан Досалиев расмий иш-чараларды, жолугушууларды гана эмес, жаратылышты, көңүл бура турган көрүнүштөрдү да кызыктуу ракурста тартып келет.

Султан Досалиев Таластын Кара-Буура районундагы Ак-Чий айылында 1981-жылы төрөлгөн. Ата-энеси менен бала кезинде Казакстандын Жамбыл шаарына барып фотоаппараты жок болсо да плёнка сатып алган. Ошондон кийин сүрөт тартууга кызыгуусу жаралган. Мындан тышкары фотограф болушуна атасы Ташболот Досалиевдин ушул кесипти аркалоосу себеп болгон.

1-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.03.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик экен өтө эле,акыркы эки сүрөтү сонун чыгыптыр.
01.03.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фотограф болуш учун эмне кылыш керек окусу барбы бул кесиптин да
Jyluusuu1991 түзөттү 2018-03-01 18:24:41
01.03.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyluusuu1991,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: