super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Маалым каттын баасын 300 сом деп жергиликтүү кеңеш бекиткен. Аны батирде убактылуу жашагандар эмес, батир берүүчү төлөш керек

 

Убактылуу жашагандыгы тууралуу маалым каттын баасын 300 сом кылып жергиликтүү кеңеш бекиткен, ал акчаны батирде жашагандар эмес, батир берүүчү тарап төлөш керек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылдык кеңешинин төрайымы Рая Жумалиева билдирди.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна жана 36-беренесинин 2-пунктуна таянып, биз, жергиликтүү кеңеш убактылуу жашаганы тууралуу маалым катка ушундай баа коюп бекитип бергенбиз. Биздин чечимдерди айыл өкмөт аткарууга тийиш. Маалым катка болгон бааны убактылуу батирде тургандар эмес, батир берүүчү тарап төлөшү керек, бул чечим бардык жергиликтүү тургундарга айтылган. Мурда убактылуу жашагандар тарабынан сууга, таштандыны алып кетүүгө жана башка кызматтар үчүн акча төлөнбөй калчу, ошол себептен ушундай чечим чыгарганбыз.

Ал эми сиздер айткан учур боюнча ал адамдын акчасы кайтарылбайт, эми мындай учур катталмайынча кемчиликтер билинбейт эмеспи. Батир ээси төлөбөй, алып жаткан жаран да төлөбөйм деген учурда маалым кат эч кимге берилбейт. Дагы бир нерсе бар: мындай учур катталбашы үчүн батир берүүчүлөр батирине кирген ар бир жашоочуну убактылуу каттоодон өткөрүшү керек", - деп билдирди Жумалиева.

Айта кетсек, аталган айыл өкмөтүндө убактылуу жашагандыгы тууралуу маалым каттын баасы 300 сом экенине нааразычылыгын билдирип, окурман SUPER.KG порталына кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
01.03.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ мага да жооп алып бергилечи еркектерге пенсияга чыгыш учун емне докменттер керек тапшырган жеке барсак апкел деген докменттерге санай албайсын.милдетуу турдо емне деген докменттер керек
01.03.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munira-tilen, саламатсызбы! Маселеңизди Элдик кабарга жазып жибериңиз.
01.03.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,кантиип жазаам
01.03.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munira-tilen, маселени кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот.
01.03.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өз үйүндө жашасачы канча төлөп алат.
01.03.2018. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Справка учун 300 сом деген нак мыйзамсыздык, кичи коррупция. Коммуналдык кызматтарга карызы бар учурда карызын тологон квитанция корсотулуш керек, бир кагаз учун 300 сом эч убакта болбогон нерсе.
02.03.2018. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Төмөнкү Ала-Арча өзүнчө мыйзам чыгара баштаганбы? Мында нак коррупцияга жол ачылат. Таштандыны өзүнчө суунун акчасын өзүнчө эле алганы дурус
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: