super.kg logo

АКШда мыйзамсыз курал ташууга шектелип кармалган Кыргыз жаранын атайын кызматтын өкүлдөрү көптөн бери аңдып жүргөнү айтылууда

 

АКШда Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалган Кыргыз жаранын атайын кызматтын өкүлдөрү көптөн бери аңдып жүрүшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жараны Теңгиз Сыдыков жана Казакстандын жараны Эльдар Резвановдун курал сатып алып жатышканын байкаган АКШнын атайын кызматынын кызматкерлери аларды көптөн бери көзөмөлдөп жүрүшкөн. Атайын кызматтын өкүлдөрү соттун уруксаты менен алар маалымат алмашууга колдонуп жүргөн Gmail почталарын текшерүүгө да уруксат алышкан. Бир нече айга созулган аңдуунун натыйжасында шектүүлөр куралдарды АКШнын почта кызматы аркылуу ашкана буюмдары катары Чеченстанга жана Кыргыз өлкөсүнө бир нече дарекке жөнөтүүнү көздөшкөнүн аныкташкан. Алар курал-жаракты почта кызматына тапшырган соң атайын кызматтын өкүлдөрү аны ачышкан. Ичинде идиш-аяк жана ашкана эмеректеринин арасына катылган 100гө чукул курал-жарактарды чачылган абалда табышкан.

Ошондой эле маалыматта "курал-жарактарды мыйзамсыз экспорттоо", аткезчилик жана башка айыптар коюлуп жатканы, АКШнын мыйзамдарына ылайык, мындай айып коюлган адамдар жок эле дегенде 20 жылга эркинен ажыратылары айтылат.

Айта кетсек, буга чейин чет элдик басылмалар АКШда жашаган Кыргыз жараны Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалганын жазып чыгышкан. Кийин кармалган Кыргыз жараны Теңгиз Сыдыковдун апасы Замира Сыдыкова уулунун күнөөлүү эмес экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.03.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эжеке чыкпайт окшойт уулунуз
01.03.2018. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чет олколордо бизге окшоп шектуу деп баса калып тепкилеп мойнуна алдырбайт. Аягына чейин андып доказательствону доказайтетип туруп соттошот
01.03.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле да Эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: