super.kg logo

Кыргыздын АКШдагы мурунку элчиси: "Мыйзамсыз курал ташууга шектелип кармалган уулумдун окуяга тиешеси жок, эртең бошотулат"

 

"АКШнын Виргиния штатынын Алегзандрия шаарынан Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалган Теңгиз Сыдыковдун окуяга тиешеси жок, ал эртең убактылуу кармоочу жайдан бошотулат", - деп билдирди бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына кармалган жарандын апасы, Кыргыздын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкова.

Анын айтымына караганда, уулуна учурда коомдук жактоочу кызмат көрсөтүүдө.

"1 жыл мурун уулум казакстандык Эльдар Резванов менен батирди ижарага алып, жарым жылдай чогуу жашашкан. Кийин уулум Теңгиз Сыдыков башка батирге көчүп кеткен. 27-февраль күнү Резвановду тартип сакчылары кармап кетишкен экен. Анын абалын суроо максатында уулум ага барганда окуяга катыштыгын тактоо максатында уулумду да кармашыптыр. Коомдук жактоочунун маалыматына ылайык, Теңгиз суракка гана алынып жатат, эртең бошотулат", - дейт мурдагы элчи.

Ал белгилегендей, Теңгиз Сыдыков АКШдагы Виргиния штатынын Алегзандрия шаарындагы окуу жайлардын бирин бүтүргөн.

"Уулум университетти аяктаган соң Жорж Вашингтон атындагы университетте менеджер болуп эмгектенип келген. Акыркы 3 айдан бери ал жеке IT компаниясына которулуп, иштеп жаткан. Буга чейин бир да жолу соттолгон эмес. Бул окуяны АКШнын Орусияга карата жарыялаган санкцияларына байланыштуу деп бааласа да болот", - деп кошумчалады Сыдыкова.

Айта кетсек, буга чейин АКШда жашаган Кыргыз жараны Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалганы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
01.03.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайдам чоптун башы бекер шыбырабаса керек бардык эле эне оз баласын алтыным дейт бирок сизди газетаны башкарып жургондо кандай башкарганынызды эл жакшы билет
01.03.2018. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aza84,Билип билбей да куноологон туура эмес. Мумкун чындыгында тиешеси жоктур. Америкада бизге салыштырмалуу мыйзам иштейт. Катыштыгы бар болсо жондон жон эле коюп жибербейт.
02.03.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
romaantik,оа алар жакшы иштейт жондон жон эое кармабайт дагы. Эртеси болду чыккан жок. 20 жылдан кийин чыгат эми
01.03.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
эми бул аялдын АКШ менен Россиянын мамилеси жонундо эмне иши бар дейм да.
01.03.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,Оруссия эле эмес баардык СНГ санкция жарыялаган
01.03.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АКШнын санкции келиип келип Бир курал саткан кыргыз жаранына тийтат и да)))) куноосун так далилдери менен камалып ыр го. кундун 2чи супер жанылыгы. 1чиси дайыр исмадиаров болду.
01.03.2018. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дарыгер, жазган создоруно оору тийип калыптыр.Дарылап кой.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: