super.kg logo

"Ош базарындагы" соода орундары күйүп кеткен жарандарга акчалай компенсация төлөнбөйт

 

"Ош базарында" чыккан өрттөн улам жабыркаган соодагерлерге акчалай компенсация төлөнбөйт. Бул туурасында Экономика министрлигинин ишкердиктин саясаты бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жапаров SUPER.KG порталына билдирди.

"30-январда "Ош базарындагы" өрттөн улам 118 орун күйүп кеткен. Соода орундары күйүп кеткен жарандардын патент алып соода кылгандарына гана мурун банктан алган насыяларынын мөөнөтү узартылып, азыр алган насыялары аз пайыз менен берилет. Ал эми патенти жок соода кылгандарга эч кандай жеңилдиктер каралган жок жана акчалай компенсация төлөнбөйт. Анткени алар патент алышпагандыктан, Социалдык фондго акча төлөшчү эмес.

Биз жабырлануучуларга "Дордой моторс" базарында соода кылууну сунуштасак, "алыс болуп калат" деп барбай коюшту", - дейт бөлүм башчы.

Эскерте кетсек, 30-январда саат 9:48 чамасында Бишкектеги "Ош базарында" өрт чыгып, кечки саат 6:29да толугу менен өчүрүлгөн. Өрт жалпы "Сейтек” жана “Берекет плюс” кичи базарындагы соода орундарын каптап, анын аянты 3 миң 500 чарчы метрге жеткен.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
01.03.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыйратыпсыңар.
01.03.2018. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өзүңөр бюджеттеги акча, чет жактан келген акчаларды уурдап жеп, бирөөлөрдү коркутуп миллиондон доо го жыгып жыргап жүрө бересиңер! Карапайым эл кыйналып жүрө берет. Шарт түзүп берсеңер патент алат да налогу арендасы көп жака барбай койду дебей!
Azatbek83 түзөттү 2018-03-01 17:48:17
01.03.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан компенсация толончу Эле карапайым калкка?
01.03.2018. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип эле ошончо эл пптент албай иштеген
01.03.2018. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйратып бир нерсе жасап бергненсип суйлогон создорун!!!
01.03.2018. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бийликтегилер Дача сууга жардам бербеген ош базарына берет беленер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: