super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз өлкөсү 3-жолу "Футбол - достук үчүн" эл аралык долбооруна катышат

 
Улан Дүйшөнкулов

Кыргыз өлкөсү "Футбол - достук үчүн" аттуу эл аралык долбоорго үчүнчү жолу катышат. Долбоордун алкагында 211 өлкөнүн мүчөлөрү эл аралык курама командага бөлүндү.

Аталган долбоордо ар өлкөдөн бирден оюнчуну чогултуп, бир командада ойнотуунун себебин уюштуруучулар оюнчулар ынтымакташып, бири-бири менен көбүрөөк сүйлөшүп, достошуусуна өбөлгө түзүлө тургандыгы менен түшүндүргөн. Алтынчы ирет өтүп жаткан мелдеште чүчү кулак ташталып, катышуучулар 32 командага бөлүндү. Кыргыз оюнчусу "Ротшильддин акырасы" командасына кирип, мелдеште жарым коргоочу амплуасында ойнойт. Кыргыздан тышкары бир командада Азербайжан, Коста-Рика, Сент-Люсия, Лаос жана Камордун оюнчулары болот.

"Футбол - достук үчүн" долбоору Орусиянын Москва шаарында 8-15-июнь аралыгында өтөт. Азыркы тапта Кыргыз футболчуларынын арасынан долбоорго катыша турган оюнчу аныктала элек.

Эске салсак, Кыргыз өлкөсү алгачкы жолу аталган долбоорго 2016-жылы катышкан, анда бишкектик "Дордойдун" оюнчулары Италиянын Милан шаарына барышкан. Ал эми 2017-жылы долбоорго "Мектеп лигасынын" мыкты оюнчусу Улан Дүйшөнкулов катышып, Санкт-Петербург шаарына барган.

"Ротшильддин акырасы" командасы:

Дарбазачы: Азербайжан;

Коргоочулар: Коста-Рика, Сент-Люсия;

Жарым коргоочулар: Кыргыз өлкөсү, Лаос;

Чабуулчу: Камор аралдары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: