Баткенге бара жатканда Бишкекке кайтып, авариялык абалда конгон учакта 96 жүргүнчү болгон
1-мартта "Манас" эл аралык аэропортунан Бишкек-Баткен аба каттамындагы жүргүнчү ташыган учак авариялык абалда саат 14:52де кайра Бишкекке кайтып келген. Жүргүнчүлөрдү ташыган RJ-85 учагы "TEZ Jet" авиакаттамына таандык болгон.
Маалым болгондой, учак аэропорттон саат 14:22лер чамасында абага көтөрүлгөн. Бирок учкуч диспетчерлерге сол канаттын кыймылдаткычы иштен чыгып калгандыгына байланыштуу конуу керектигин билдирип, Чычкан капчыгайынан артка кайткан. Саат 14:52де Бишкектеги аэропорттун аэродромуна конгон. Учактын ичинде 96 жүргүнчү болуп, оор жаракат алгандар катталган эмес.
Ал эми Кыргыз Республикасынын жарандык авиация агенттиги аталган кырсыктын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Элибизде боодо кырсык болбосун