super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы депутатка берген убадасынан улам Панфилов районунун акимин кызматтан бошотту

 

Чүй облусунун Панфилов районунун акими Дамир Кулубаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Сапар Исаков кол койду.

Буга чейин 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов кар эрип, Панфилов районунун Каптал-Арык айылын суу каптаганда райондун акими элден кабар албаганын айткан. "Жашоочулар аким менен байланыша албай коюшкан. Мен өзүм да чалып аким менен да, анын орун басары менен да байланыша алган жокмун. Район жетекчилиги ал жерге басып барып коюшкан жок. Ал эми өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен айыл өкмөт башчысы элге кошулуп күрөк көтөрүп жүрүштү. "Жаӊы доорго 40 кадам" деп жатасыӊар. Ушундай акимдердин өкмөткө кереги барбы?" - деп билдирген.

Анда премьер-министр Сапар Исаков: "Мен ал акимди иштен алам, сизге сөз берем", - деп айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: