Экс-министр Аскарбек Жаныбеков Ысык-Көл облусунун жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды

Аскарбек Жаныбеков Ысык-Көл облусунун жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Тиешелүү жарлыкка өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 13-июнда кол койду. Премьер-министрдин башка жарлыгы менен буга чейин аталган кызматта иштеп келген Уланбек Маликов кызматтан бошотулду. Айта кетсек, А.Жаныбеков Өмүрбек Бабанов өкмөттү жетектеп турган учурда айыл чарба жана мелиорация министри болуп иштеген.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

