Алмазбек Баатырбеков парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагалык кызмат ордуна депутат Алмазбек Баатырбеков (сүрөттө) шайланды. Белгилей кетсек, Алмазбек Баатырбековдун талапкерлиги КСДП фракциясы тарабынан көрсөтүлүп, көпчүлүк коалициясында колдоо тапкан. Буга чейин бул кызматты Токон Мамытов аркалап келген, президенттин буйругу менен ал өткөн айларда Чек ара кызматынын башчылыгына дайындалган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

