super.kg logo

Замира Сыдыкова: "АКШда мыйзамсыз курал ташууга шектелип кармалган уулум бошотулду"

 

АКШда Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалган Кыргыз жараны Теңгиз Сыдыковду сот күнөөсү далилденбегендиктен абактан бошотту. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына анын апасы, Кыргыздын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкова билдирди.

"1-марттан 2-мартка караган түнү, АКШнын убактысы боюнча 1-мартта уулумдун ишин сот карады. Анын күнөөлөрү далилденбегендигине байланыштуу абакта кармалып турган жеринен бошотулсун деп чечим чыгарган. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менин улуу баламды "Чыңгыз Сыдыков да АКШнын аймагында мыйзамсыз жүргөн, аталган ишке да тиешеси бар" деп жазып жатышпайбы. Ал маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени ал учурда Кыргыз мамлекетинде эле жүрөт. Бүгүн эртең менен ага УКМКга чакыруу келди, учурда жактоочу чакырып, ал жакка барууга даярданып жатат", - дейт Замира Сыдыкова.

Айта кетсек, буга чейин чет элдик басылмалар АКШда жашаган Кыргыз жараны Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалганын жазып чыгышкан. Кийин кармалган Кыргыз жараны Теңгиз Сыдыковдун апасы Замира Сыдыкова уулунун күнөөлүү эмес экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
02.03.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн жакшы.Журналистер да билип билбей(маалыматты тактабай)жазышпаса.Ошол учурда эне байкуш кандай абалда калды десен....
02.03.2018. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы болуптур чыкканы байкуш АПАнын журогу канча ооруду маалыматты тактап анан жазышса болмок биздин ушакчы журналисттер
02.03.2018. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тактап айтканда уй камагына эле бошотулду. Териштируу буто элек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: