super.kg logo

Кийинки жумада Бишкекте "Сот системи оңолсо, Кыргыз өлкөсү оңолот" деген ураан менен митинг өтөт

 

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин 8-февралда өткөн жыйынындагы билдирүүсүн талкуулоого арналган тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулар 3 кайрылуу даярдашты. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына уюштуруучу, укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин 8 бейөкмөт мекеме биригип сот системинен жабыр тарткандар менен биргеликте жарандык платформа өткөрүлгөн.

"Коррупциядан жана сот системиндеги адилетсиздиктен эл тажады. Президенттин демилгелерин биз да колдоп, жогоруда аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн жарандык коом өз салымыбызды кошууну чечтик. Бирок сөз жүзүндө калбай ишке ашуу керектигин белгилешибиз керек. Ошол себептен бүгүн өткөрүлгөн тегерек столдун жыйынтыгында президентке, коомчулукка жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жасадык.

Кайрылууда президенттин буга чейин айтылган билдирүүлөрүн колдойбуз, укуктуу Кыргыз өлкөсүндө жашагыбыз келет, "Сот системи оңолсо, Кыргыз өлкөсү оңолот" деген колдоо митингин 5-март күнү соттордун кесиптик майрамында өткөрөлү деп жазылган", - деп кошумчалады Карасартова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.03.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо толук маалымат берип койгулачы кайсы жакта жана саат канчада??
02.03.2018. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мендагы барып катышам калпагымды кийип алып
03.03.2018. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл жерде өтө турганын жазып койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: