super.kg logo

Депутат Казакбаев сүйүнчү пул берүүнүн жолун жеңилдетүү керектигин айтты

 

“Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Руслан Казакбаев сүйүнчү пул берүүнүн жолун жеңилдетүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-мартта аталган фракциянын жыйынында билдирди.

“Мыйзамдын аткарылышына мониторинг жүргүзүү зарыл. Ошондо мыйзам сапаттуу аткарылып баштайт. Биринчи кезекте жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө каржы булактарды аныкташ керек. Каржы булагы болбой туруп жөлөк пул жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизсек талаш-тартыш жаратат. Жөлөк пулдар боюнча маселе татаал болуп жатат. Бир топ маалым кат, аныктама, чиновниктердин артынан чуркамай коррупциялык көрүнүштөр жаралып жатат. Мисалы, депутаттар Бишкектин Октябрь районунда кечээ телефон чалып сурамжылоо жүргүздүк. Сүйүнчү пул алуу үчүн 35 жаран кайрылыптыр. Бирок 4 гана жаранга сүйүнчү пул берилген. Карапайым элден сурасак дагы эле коррупциялык көрүнүштөр бар экен. Айыл жеринде жашагандар райондорго барып документтерин берүүгө туура келет. 4 миң сом алуу үчүн канча жол кире кетет? Өкмөт сүйүнчү пул берүүнүн жолун жеңилдетиши керек”, - деди Руслан Казакбаев.

Жыйында жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.03.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу депутаттар, эмнеге 2017-жылдын аягында торолгон наристелерге (пособие алып келген уй-булолордо) суйунчу пул берилбейт?!! Тактап бергиле... Министрликте ондуу жооп берчу адам жок, болбосо жоюп салгыла андай некомпетентный министрликти...

02.03.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аиии 4000 бере албай эле кыйналдынар го биздин бийлик орустардын 450 мин мать капиталын алган женил го силердин суйунчунорго караганда . Бардым оригинал 5документ бердим ксересин да озулору эле кылды. 30минутада барын бутуп даяр болгондо смс жиберебиз деди все
03.03.2018. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Декретте отурган мугалимдерге жок дегенде суйунчусун берип койгулачы бир жолу берилчу суйунчусун,2017 жылдын аягында торолгон,апасы мугалим балдар эмне МАМЛЕКЕТТИН ОГОЙ БАЛДАРЫ болуп калдыбы? 1000сом суйунчу да ала албай???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: