super.kg logo

Башкы прокуратура: "Айыл чарба министрлиги мыйзамсыз сатып жиберген бала бакча мамлекетке кайтарылды"

 

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги 2012-жылы мыйзамсыз сатып жиберген бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, министрлик Чүй облусунун Москва районундагы "Алёнка" бала бакчасынын имаратын мыйзам бузуу жолу менен айыл чарба кооперативдердин бирине сатып жиберген. Ушул эле жылы прокуратура сатуу жана сатып алуунун мыйзамдуулугун аныктоо боюнча сотко кайрылып, бала бакча соттун чечими менен Предтеченск айыл өкмөтүнүн балансына алынган. Бирок 2014-жылы бала бакча кайрадан айыл өкмөттүн чечими менен ошол эле кооперативге өткөн.

Көзөмөлдөөчү органы кийлигишкенден кийин гана бала бакча кайрадан айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилди. Аталган бала бакчанын жалпы аянты 4 890 чарчы метрди түзүп, 5 миллион 221 миң сомго бааланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: