super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков кырсыктан улам балдардын бутунан айрылганы тууралуу жаңылыктарды окуганда жүрөгү сыздаганын айтты

 

“Таза коом” долбоорун ишке ашыруу менен гана жол коопсуздугундагы өзгөрүүлөрдү көрө алабыз", - деп бүгүн, 2-мартта премьер-министр Сапар Исаков “Кыргыз Республикасында коопсуздуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу саясаты" аталышындагы II Улуттук конференцияда айтты.

Анын айтуусуна караганда, эрежелерди бузгандарга карата учурда Административдик кодекске оңдоп-түзөөлөр киргизилүүдө. Ал чечкиндүү кадам "Акылдуу шаар" долбоору ишке ашканда гана болорун баса белгиледи.

"Таза коом” долбоорунун алкагында жолдогу коопсуздукту камсыздай алабыз. Жол кырсыгынан адамдардын жабыркаганын, балдардын бутунан айрылганы тууралуу жаңылыктарды окуганда жүрөк сыздайт. "Акылдуу шаар" долбоору иштеп баштаса, бул көйгөйлөр жоюлат. Биздин команда бул ишти аягына чейин чыгарат”, - деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: