Адахан Мадумаров: "Президенттердин баары коррупция менен күрөшүүнү айтат, бирок ал сөз бойдон калууда"
Коррупция менен күрөшүү - бул орчундуу маселе, анткени ал мамлекеттин бар же жоктугун белгилейт. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы билдирүүсүн талкуулоого арналган тегерек столунда мурдагы төрага Адахан Мадумаров билдирди.
Мадумаровдун айтуусуна караганда, бийликке келген өлкө башчыларын коомчулук өзү бузуп жатат.
"Баарыңыздар сөзүңүздөрдү азыркы президенттин сөзүнөн баштап жатасыздар, демек, үмүтүңүздөр бар экен. Бирок коррупция менен күрөшүүнү буга чейинки президенттер да айтып келишкен. Ошол эле Акаев "коррупция 7-кабатка чыгып кетти" деп, ошол эле Бакиев, Атамбаев айтып келген, бирок эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Сөз айтып коюу менен гана коррупцияны жоё албайбыз. Сылап-сыйпалаганды токтотуп, ачык айтууну башташыбыз керек", - деп кайрылды иш-чаранын катышуучуларына Мадумаров.


Шайланганына 6 ай боло элек, сабыр кыл. сындаганды ким койду сага.
Каракулжадан болсон балээ бекен?!! Трайбализм, жердешчилик, кошоматчылыкты качан таштайсынар?!!
Ал эми Мадумаров эч качан премьер болгон эмес, премьер болуп иш кылбаса айтсан жарашмак...
Ал эми сенин Сокен Окмотту жетектеп турганда кыйратпаган, эми да кыйратып жаткан жери жок...