super.kg logo

Марат Иманкулов: "Өлкөнү модернизациялоо үчүн президент Сооронбай Жээнбеков саясий эркин колдонуш керек"

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов Кыргыз өлкөсүндөгү сот реформасын кайрадан баштоо бүгүнкү күндүн талабы экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-мартта өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы билдирүүсүн талкуулоого арналган тегерек столдо билдирди.

Иманкуловдун айтымында, учурда Кыргыз өлкөсүндөгү сот реформасын модернизациялоого дагы бир мүмкүнчүлүк бар, аны сөзсүз колдонуу керек.

"Сот реформасын кайрадан баштоо керек. Эгер чынында президент Сооронбай Жээнбеков саясий эркин пайдаланса, ал Кыргыз өлкөсүн коррупциядан тазалоого жана сот реформасын өткөрүүгө тарыхый мүмкүнчүлүктү пайдаланат. Өлкө аймагындагы коррупция менен күрөшүүдө коомчулук да өз салымын кошуу керек. Мамлекеттик деңгээлде атайын кеңеш уюштуруу керек", - деп билдирди ал.

Айта кетсек, аталган тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары, экс-депутаттар, коомдук ишмерлер катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.03.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алардыкы жазуу түрүндө!!!!
02.03.2018. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр оппозиция-позиция дебей президенттин багытын колдош керек.Эгер Кыргызстан онуксун десек. Жалгыз президенттин колунан эч нерсе келбейт, эгер аны эл колдобосо. Ошондуктан четте турбай ар бир жаран коррупцияга каршы салымын кошушу керек
02.03.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соке беш жыл сегиз ай калды эч нерсе жасай албасаңыз колуман келбейт экен деп айтыңыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: