super.kg logo

Мүлк фонду: "Мегакомдун" баасы аныктала элек"

 

“Альфа Телеком" ("Мегаком") компаниясынын 100 пайыз акцияларын сатуу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, "Мамлекеттик сатып алуулар" боюнча мыйзамынын негизинде "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларынын сатуудагы бааны аныктоо боюнча мониторинг өткөрүү үчүн комиссия түзүлгөн. Учурда "Мегакомду" сатуу сынагын уюштуруу иштери жүрүп жатат. Тийиштүү иштери аягына чыккан соң Мүлктү башкаруу фонду Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин порталына сынак жарыялайт, аягында коюлган талаптарга макул болгон тарап менен келишим түзүлөт.

Мекеменин белгилешинче, "Мегакомдун" канчага баалана тургандыгы тууралуу маалымат азырынча белгисиз.

Эске салсак, "Мегакомдун" менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. Андан бери компанияга инвестор табылбай, аукцион аркылуу сатуу үч аракетте да ишке ашкан жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандаган. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган. Аукцион аркылуу сатуудан майнап чыкпагандыктан, өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган.

Буга чейин "Мегакомду" сатып алуу боюнча швейцариялык "ALF Consulting SA", түштүк кореялык “Goldenkey Asset Investment & Management" жана кытайлык "Huawei Technologies" менен кошо Кыргыз өлкөсүндөгү “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууга макулдук бергени белгилүү болгон "АКА минералз энд майнинг" ишканасынан да сунуштар түшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.03.2018. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх ошол капанияны мен алып калганымдаа
03.03.2018. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер сатсанар жок дегенде карызды жап кыла жеп албай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: