super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө 7 үй-бүлө "акыйкатчы Турсунбек Акунду коргоо үчүн Кыргызстандын жарандыгынан баш тартабыз" дейт

 

Өлкөдө 7 үй-бүлө же 68 киши акыйкатчы Турсунбек Акунду коргоо үчүн Кыргызстандын жарандыгынан баш тартууну көздөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда маалымат жыйында 1-топтогу майып Мирлан Ормуков билдирди. Айтымында, акыйкатчыны коргоо үчүн коомдук комитет түзүүнү да көздөшүүдө. “Батукаев өлкөдөн качып кеткен биринчи кылмышкер эмес. Кадыржан Баатыров, Акмат Бакиевдер качып кеткенде эмнеге эч кимди жазалашкан эмес? Акыйкатчынын айланасында ар кандай интригалар жаралууда, себеби анын орду кимдир бирөөгө керек болуп жатса керек”,- деди Ормуков. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктарын коргоочу коомдук кеңештин мүчөсү Гүлназ Султанова Турсунбек Акундун учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жакшы көңүл бурулуп, бул маселелер боюнча бир катар долбоорлор иштелип чыкканын айтат. “Башка акыйкатчылар мындай иштерди жасаган эмес. Биз депутаттардан акыйкатчыга иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүсүн суранабыз”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: