Депутат Касымалиева "Арзан турак жай" программасы мугалим, дарыгерлерге жеткиликтүү болбой жатканын айтты
КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева "Арзан турак жай" программасы мугалим, дарыгерлерге жеткиликтүү болбой жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта аталган фракциянын жыйынында билдирди.
"Ипотека алуу боюнча кайрылган 11 миң жарандын 2 миң 700ү гана чечим менен насыя алышты. Ал эми 1 миң 300 кайрылуучу арызын кайтарып алышкан. Бюджеттик кызматкерлердин айлыгы менен насыя алуу мүмкүн эмес", - деди Касымалиева.
Мындан сырткары, депутат жарандар тарабынан маалыматтын жетишсиздигине байланыштуу айтылып жаткан нааразычылыктарга токтолуп, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилигин ушул тармакта жакшы иш алып барууга чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Jazdyn_tany

02.03.2018. 17:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооба жеткиликтүү эмес. Айлык акым 8000 сом деп справка банкка көтөрүп барсам, мындай айлыкка биринчиден, үй келбейт, экинчиден эң арзан үй алган күндө да болгон айлыгыңды ипотекага төгүп бересиң, анан кайсы акчага жашайсың? деп мени артка кайтарып жиберишкен...
Tunerbei1812

02.03.2018. 17:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аты эле мамлекеттик ипотека болгону менен бут маселени коммерциялык менчик банктарга таштап коюп беруу менен бизнес эле кылып жатышат. Мугалимдин реалдуу айлыгы эске алынган эмес.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.