super.kg logo

"Жаракат алган адам күйөө балабыз болот. Чырды өзү баштаптыр" дейт мурдагы имамды бычактаган деп күнөөлөнүп жаткан адамдын иниси

 

Дилмурат Ильяхунов Өзгөн районунун Красный-Маяк айылындагы мечитте 26-февраль күнү намаздан кийин 64 жаштагы жаран жана мурда 12 жыл имам болуп иштеген 40 жаштагы Дилмурат Ильяхунов уруша кетип, жыйынтыгында мурдагы имам бычактан жаракат алып ооруканага жаткырылган. Ал эми 64 жаштагы жаранга кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Чыр садага чогултулган сандыктагы акчалардын уурдалып жатканынан улам келип чыккан.

2-мартта күнөөлөнүп жаткан 64 жаштагы жарандын иниси SUPER.KG'ге уруштун келип чыгуусуна мурдагы имам өзү күнөөлүү деп айтып берди.

"Чыр садага чогултулган сандыктагы акчалардын уурдалып жатканынан улам келип чыккан экен. Буга чейин 5-6 жолу уурдалганынан улам агам намаз окуп бүтүп "сандыктан акча уурдалып жатат, келгиле, бата кылып коёлу" десе, "эмнеге бата кыласыңар?" деп агамды уруп, астыңкы тиштерин түшүрүп салыптыр. Ал биздин карындашыбызды алган, күйөө бала болот. Күйөө баласы ошентип уруп жатса жини келген да.

Акчанын уурдалышына аны күнөөлөй электе эле биринчи кол көтөрүп жатпайбы. Агам ал жерде иштебейт, буга чейин акча жоголгонунан улам Дилмурат агама келип "ачкыч сизде болуп турсун, жакын жашайсыз" деп таштап кетиптир. 60 жаштан өтүп калган адам мечиттен акча уурдап эмне кылат? Акча керек болсо өзүнүн балдары деле салат да", - деди айыпталып жаткан жарандын иниси.

Буга чейин SUPER.KG порталы бычактан жаракат алган Дилмурат Ильяхуновдун окуя тууралуу айткандарын уккан. Анда ал чыр садагага чогулган акчанын уурдалышына 64 жаштагы жаран аны күнөөлөгөнүнөн улам келип чыкканын билдирген. Ошондой эле ага бычак сайган адамга "бейбаштык" беренеси менен иш козголгонуна нааразы экенин айткан.

Эске салсак, Ош ОИИБи Ош облусунун Өзгөн районунда намаз учурунда жаңжал чыгып, мурдагы имам бычактан жаракат алганын кабарлаган. "Кылмышка шектелип кармалган 64 жаштагы жаран мурда да соттолгон, ага карата 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон", - деп билдирген Ош ОИИБинин маалымат кызматы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
02.03.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чырды баштаса эле бычак салышы керекби! Уят
02.03.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мечитти бизнесканага айландырып алышты
02.03.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул жаракат алган Дилмуроджондо имамчылыкка тийешелуу вид корунбойтко? Имамдарда сакал, жузу нурдуу, кийимдер апапакай таптаза болуш керекта)). Бул таксыр мынтип урушуп жургонуно караганда Мотуевке окшогон эле самодел иван ой иван деймда имам окшойт)))
02.03.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бата кылып коелу дегени кызык го.
02.03.2018. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aman0296,ошо да,акчаны уурдап анан кайра бата кылганы не жорук???
03.03.2018. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei,тескери бата кылалы дегени мисалы;Ким аксаны алса андай болсун мындай болсун деген бата
02.03.2018. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азыр көпчүлүк жэрлерде чала молдолор имам болуп аягында иван болуп жатышат
02.03.2018. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо экөө бирин бири акчаны сен уурдадын деп күнөөлоп жатышыптырбы
03.03.2018. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эмнеси тушунуксуз. Тушунуктук эле болуп турат
03.03.2018. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мендагы тушунбодум такыр
03.03.2018. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай де, мына имамдар бул биринчи эмес, контроль жок ушинтип Чукеси баш болуп оозуна эмне келсе дооруп, колунан бычак келсе сайып, алдынан ким чыксада зордоп калды бийликтин алсыздыгы!
03.03.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообахтияр кылдым деп жаканы кармаардан башка арга жок.Ишенген имамдарыбыз ушул ишти жасап жатса башканы айтпайле коелу. Уят жогорудагы эки молдо сөрөйгө.Аябай уятка рыскан керек буларды.Темболее элдин акчасын уурдашат тура
03.03.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыңар эле билип билбей жаман сөздөрдү сүйлөй бересиңерби,мен бул экөөнү тең тааныйм.Бири көп жыл айылда кадыр барктуу имам болсо бири аксакал киши.Токмок жеген Дилмурат берки кишиге күйөө бала болот(кылмышка шектүүнүн агасынын кызын алган).Ушул окуя боюнча өтө жаман комменттерди окудум,билип билбей жаман сөздөрдү жазгандын өзү күнөө.Имам илим билимдүү жакшы адам .(ник меники эмес невестканын уруксаты мн жаздым)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: