super.kg logo

"6 жаштагы Жаңылдын сөөгү төрөлгөндөн бери кыйшык өсүп жатат, тез арада операция жасатуу зарыл" дейт апасы

 

Бишкек шаарынын 6 жаштагы жашоочусу Жаңылга жакынкы арада операция жасатуу зарыл. Анын сөөгү төрөлгөндөн тартып эле кыйшык өсө баштаган. Жаңылдын апасы Махабат Дүйшеева SUPER.KG'ге кызынын абалы күндөн күнгө начарлап жатканын, ага чет өлкөдө дарылануу үчүн жардам керек экенин айтты.

"Операция жасатабыз деп жүрүп мүмкүнчүлүктүн жоктугунан ушул күнгө келдик. Мен 2 кызымды жалгыз багып келем, кыздарымдын атасы жардам бербейт. Биз жолго акча чогултуп Санкт-Петербургдагы клиникадан текшерүүдөн өткөнбүз. Алар тез арада операция жасатуу керек экенин айтышкан.

Жыл өткөн сайын неврологиялык кыйшаюулар күчөп баштайт. Азыркы тапта кыйшаюу 30-40 градуска жетип, 2-даражадагы сколиоз (омуртка сөөгүнүн кыйшайып калышы) диагнозун коюшкан. Операцияны азыр кылбасаңар кийинчерээк бир операция жардам бербейт дешет дарыгерлер", - деди Дүйшеева.

Ошондой эле ал операция жасай турган бейтапкана Жаңылдан чет элдик жаран катары каражат алынарын айтышканын белгиледи.

"Күндө 2 операция жасалат. 1 операциясы 120 миң рублду түзөт экен. Ошондой эле УЗИ, МРТ, массаж, ар бир дарыгердин текшерүүсү жана башка чыгымдарды эсептегенде жалпы эсепте 750 миң рублду түздү. Азыркы тапта 100 миң сомдон ашуун акча топтолду. Негизи мындай операциялар 5 жашка чейин жасалса жакшы болмок экен, биз кечигип жатабыз", - деди ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
30.03.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ооо алла озун жардам бер...Алла озу шапа берсин..сакайып кетсин оомин
31.03.2018. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Даа, биякты окусан да кыргыз эркеги таштап кеткен, тиякты окусан да таштап кеткен. Баары эмес бирок кобунчосу, эркектер силерде ответственность деген болобу? Же бала жазап койуп таштап кетмейби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: