Бишкекте интим кызматын көрсөткөн студиянын эки кызматкери кармалды. Алар кыздарды алдоо жолу менен жумушка алышкан














Жашы жете элек өспүрүм кыздарды порнографиялык мүнөздөгү иштерге тартуу фактысы аныкталып, аны уюштурган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, Биринчи Май РИИБине бул иштен жабыркаган кыз арыз менен кайрылган. Ал өз арызында бул тармакта иштеген адамдар алдоо жолу менен аны чет элдик жарандарга онлайн интим кызматын көрсөткөн студияда иштөөгө көндүрүшкөнүн жазган. Алгач кулактандыруу аркылуу жумуш издеп жүргөн кызга студиянын кызматкерлери өздөрү байланышып, аны маектешүүгө чакырышкан. Анын негизинде ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери тарабынан бир нече даректе жайгашкан батирлерге тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада аталган иштерди уюштурган Ош облусунда 1993-жылы туулган М.К. жана мекеменин администратору, Баткен облусунда 1991-жылы туулган Ж.Н. кармалган.
"Тергөө иштеринин негизинде аныкталган батирлерде ар кайсы аймактардан келген жана борбордогу окуу жайларда окуган 5 кыз болгон. Алар веб-камера аркылуу чет өлкөлүк кардарларга жылаңачтанып эротикалык жана порнографиялык шоу көрсөтүп жатышкан. Тинтүү учурунда 10 компьютер, 16 веб-камера, флеш-карта, сим-карта, интимдик оюнчуктар табылган", - дейт басма сөз кызматчы.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегендерди тартуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда шектүүлөр Биринчи Май райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин онлайн режимде аялуу жерлерин акчага көрсөткөн кыргыз кыз-келиндеринин сүрөттөрү интернетте жайылып жаткандыгы тууралуу маалымдаганбыз.



Кумары кааласа уйлонсун эркектер, кыздар куйоого тийсин, очор-бачар жашап иштеп турмуш арабасын тартышсын...
Сойкулук кыргыз элимде кесип болгон эмес... Оз элиндин тарыхын билбеген манкурттарга айтаарга кеп жок...
Кытай мындайлар бизден дагы коп.
Кеп динде эмес. Мамлекеттин жакырлыгында. Асманды карап Кудай деп койсон эле бир нерсе тушпойт да. Турмушту жакшыртуу керек. Элдин жумушсуздугунда болуп жатат.
Ал эми сойкулукка баргандар 16-30 жаш арасы, алты аны аман, ден-соолугу жайында кыз-келиндер, жалкоо, арам менен жанын баккан денесин сатып... Уят эмеспи?!! Ошолор элге окшоп иштесе жанын багып кетет го...
Аркы дуйнону коюп бул дуйнону кыйратып алыш керек.
Атын жазып койчу билсең
Бизге да келип калган турбайбы...
бул бизнес илгери эле бар болчу. бишкекте коп мындай студиялар. мен да убагында баргам. акчасы жоктор айла жоктон барат деп ойлобогула копкон байдын кыздары да иштечу. анткени аларга ошол нерсе кызык. бул жакта озунчо любовь морковь да болот. жана куйоого да тийишет. акча кк болгондор да иштейт и колунан андан башка иш келбегендер иштейт. андай жумушта иштейт деп оюна да келбеген кыздар иштейт.мындай