super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 3-МАРТ: "Туулган күнүм менен алгачкылардан болуп байбичем куттуктады" дейт Бактыбек Мамытов

 

Бүгүн, 3-мартта белгилүү телеалпаруучу, диктор Бактыбек Мамытов 68 жашка толду. SUPER.KG порталы алып баруучуну туулган күнү менен куттуктоо үчүн байланышка чыгып, бүгүнкү күнгө койгон пландарына кызыгып көрдү.

"Туулган күнүм менен биринчилерден болуп, таң атпай туруп байбичем куттуктаган. Андан соң уул-кыздарым, радио-теле жаатындагы журналисттер куттуктоо сөздөрүн арнашты. Учурда үй-бүлөм, неберелерим менен бирге үйдө отурабыз. Азыр уул-кыздарым келишет экен, ошолорду күтүп жатабыз. Убакыт жетиштүү болуп калса тоого чыгып, таза аба жутуп келсекпи деген планыбыз бар", - дейт ал.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй боорунда жайгашкан Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган, 7 бир туугандын улуусу. Мектепти аяктаган соң Улуттук университеттин филология факультетине тапшырган. Ал эми дикторлукка кокусунан келип калып, 1973-жылдардан тартып бул кесипти аркалай баштаган. Ал маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 2000-жылы кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги, 1993-жы­лы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы "Даңк" медалы жана башка бир топ сыйлыктарга та­тыган. Көптөгөн жылдар бою "Арноо концерти" көрсө­түүсүнүн редактору жана алып баруучусу болуп эмгектенип келет.

3-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
03.03.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бар болуңуз Бактыбек байке!
03.03.2018. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коп жашаныз ен жакшы алпаруучу диктор туулган кун кут болсун батыбек байке
03.03.2018. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Зияш85 сенда мендей жакшы баалайт экенсин ракмат
03.03.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Azi81,сизге да рахмат
03.03.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оздук майрамыныз менен куттуктайм.коп жашаныз Бактыбек байке.
мен жаны мектепке барган убакта эле сизди жакшы корчу элем.андагы дикторлор Гулшан.Токтобубу.Сабира эжелер дагы сонун эле.бар болунуз Бактыбек байке
04.03.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
68 жашта болсо аябай жаш корунот экен. Бар болунуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: