super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекеттик туубуз элибиз кылымдар бою эӊсеп келген эркиндиктин белгиси катары улуттук сыймыкка айланды"

 

Бүгүн, 3-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз жарандарын мамлекеттик туунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. Куттуктоодо өлкө башчынын Кыргыз жарандарына болгон каалоо-тилектери камтылган.

"3-мартта мамлекеттүүлүктүн башкы символу – мамлекеттин туусу алгачкы ирет көккө желбиреп, эгемендүү Кыргыз өлкөсү тушоосу кесилгендиги тууралуу дүйнөгө жар салган. Мамлекеттик желегибиз элибиз кылымдар бою эӊсеп келген эркиндиктин белгиси катары улуттук сыймыкка айланды. Ар бир жарандын жүрөгүнө мекенчилдиктин, өз элин, туулган жерин сүйүү сезимин калыптандырып, уюткулуу элибизди биримдикке жана ынтымакка, эмгекке жана жаратмандыкка чакырып турат. Кыргыз мамлекеттик туусу элибизди улам жаӊы бийиктиктерге шыктандырып, өлкөнүн намысын, кадырын бийик көтөрүүгө дайыма дем берип келет.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди мамлекеттик туунун күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Азаттыкты, мамлекеттүүлүктү даңктаган ушул жаркын майрамда бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди, Кыргыз жерибизге тынчтык, биримдик жана ынтымак каалайм! Кыргыз өлкөсүнүн кызыл туусу ачык асман алдында эгемендиктин, эркиндиктин символу катары ар дайым желбирей берсин!” - деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: