"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "8-Мартка карата 200 сомдон мугалимдерге эмес, окуучуларга чогултулмак. Ата-энелердин бул демилгеси токтотулду" дейт мектеп директору
Жалал-Абад шаарындагы Бекмамат Осмонов атындагы №5-орто мектебинде 8-Мартка карата майрам үчүн 200 сомдон чогултууну ата-энелер комитети уюштурган. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта аталган мектептин директору Гүлнара Мамытова билдирди.
"Бул жерде мугалимдер тарабынан эч кандай сунуш болгон эмес. Мындай сунушту 1-класстын ата-энелер комитети киргизген. Алдыда боло турган 8-Март майрамына карата окуучу кыздарга белек берүү үчүн класстагы балдарга кагаз тараткан. Тактап айтканда, ал акча эч кандай мугалимдерге белек алып берүүгө эмес, окуучу кыздарга чогултулмак экен. Бул окуя боюнча кечинде эле сүйлөштүм. Жыйынтыгында ата-энелердин акча чогултуу демилгеси токтотулду. Мен дайыма мектеп ичинде майрамдарга карата акча чогултуу мыйзамсыз экенин ар бир ата-эне менен болгон чогулушта айтып келем", - дейт Мамытова.
Айта кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу Жалал-Абад шаарындагы №5-мектепте 8-Мартка карата майрамдык белек үчүн 200 сомдон чогултуу боюнча окуучулардын ата-энелерине кагаздар тапшырылганы кабарлаган.


Эмне кереги бар Акча жыйнап кыздарга белек бердиртип.
Биз окуучу кезибизде кайсы кыз кайсы жигитке белек берсе 8-мартта ошол эле кызга кайра белек берчуубуз.
Бойроктон шыйрак чыгарып эми акча жыйнаттырып белек бериштин кереги жок. Оз жайына коюшсун, окуучуларды! Биринчи кл окуучусу белектин "Б" сын билбейт.
Ата энелерди кыйнабагыла,