super.kg logo

Вице-премьер-министр нааразычылык жараткан "Достук" чек ара тилкесиндеги абал менен таанышты

 

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев "Достук" чек ара тилкесинде нааразычылык жараткан абал менен жеринде таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, чек ара кызматынын өкүлдөрү "Достук" көзөмөл-өткөрүү жайындагы элди тейлөөгө өткөрмө кабиналардын жетишсиздиги себеп болуп жатканын билдирген. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев 3-марттан тартып кошумча төрт кабина коюлганын айткан.

"Кыйынчылыктардын баары кабиналардын жетишсиздигинен. 3-мартта кошумча төрт кабина коюлду. Анын экөө чыгып бараткандарды, экөө өлкөгө кирип келе жаткандарды тейлейт. Бүгүнкү күндө "Достук" чек ара тилкеси аркылуу күнүнө өлкөгө 7 миңден 11 миңге чейин жарандар кирип-чыгышат", - деп билдирген Шаршеев.

Кенекеев Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлеринин санын жогорулатуу маселесин өкмөт карап жаткандыгын маалымдаган. Мындан тышкары жолду кеңейтүү пландаштырылып "Достук" чек ара тилкесине алып баруучу жол жээгинде курулган турак жай жана башка курулуштардын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырган.

Эскерте кетсек, Ош облусундагы "Достук" көзөмөл-өткөрүү бекетинде жарым чакырымдык адам тыгыны жаралганын, 24-февралда SUPER.KG порталына окурман билдирген. "Өзбек тарап акча албай өткөрүп жатышса, биздикилер ар бир адамдан 300-500 сомдон алып жатышат. Биздикилер да каттоо штатын көбөйтүп койсо мындай тыгындар болбойт болчу", - деп кабарлаган окурман. 27-февралда Мамлекеттик чек ара кызматы "Достук" өткөрмө пунктунда кезек күткөндөрдүн саны өсүп жатканын айтып, андагы кызматкерлердин элден акча алып жатканы боюнча маалыматты четке каккан. Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева жарандардын саны өсүп жаткандыгынын себебин эки өлкөнүн ортосунда товар ташыган соодагерлердин саны өскөндүгү менен байланыштырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: