super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев "Эмгек сиңирген ветеринардык врач" наамын белгилөөгө каршы пикир билдирди

 
Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңеште “КРнын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга карата президенттин каршы пикири каралды.

Эске салсак, аталган мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү аркылуу "КРнын Эмгек сиңирген ветеринардык врачы" наамын белгилөө тууралуу мыйзам кабыл алынган. Анда демилгечилер "өлкөдө мал доктурлар жетишсиз, ушундай наам иштеп чыксак, балким, бул кесипке кызыккандардын саны өсүшү мүмкүн" дешкен. Ал эми Каржы министрлиги буга каршы чыгып, "бюджет тартыш болуп турганда мунун зарылчылыгы жок" деп чыгышкан болчу.  

 

Депутат Талантбек Узакбаевдин айтымында, мал ылаңы адамдардын денсоолугуна да, чарбачылыкка да өзүнүн кесепетин тийгизүүдө. Ошондуктан эмгеги сиңген ветернарларга мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү зарылчылыгы бар. 

 

Ал эми вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин айтымында, учурунда бул мыйзамга өкмөт да өзүнүн каршы пикирин билдирген. Ушу тапта 27 категориядагы адистерге ушундай наам бар, наамга ээ болгондордун эмгек акысына 800 сом кошумча каражат төлөнөт. Анын пикиринде, ветеирнарларды "Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер" наамына эле кошуп койсо болот.

Жыйынтыгында президенттин каршы пикири добуш берүүгө жөнөтүлдү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: