Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков коло медалды жеңип алды












Бүгүн, 4-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков коло медалды жеңип алды.
61 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Улукбек Жолдошбеков коло медаль үчүн беттеште ирандык балбан менен кез келди. Кызуу беттештин жыйынтыгында Жолдошбеков 6:0 эсеби менен атаандашынын үстүнөн жеңишке жетти.
Айта кетсек, бүгүн дагы бир Кыргыз балбан медаль үчүн күч сынашат. Анда Муслим Евлоев алтын медаль үчүн беттеште монголиялык балбан менен кез келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.