super.kg logo

Белгилүү "Азия микс" КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаров орусиялык "Эмне? Кайда? Качан?" оюнуна катышып жеңүүчү аталды

 

Белгилүү "Азия Микс" КВН командасынын башчысы Элдияр Кененсаров Орусиянын Биринчи каналынын "Эмне? Кайда? Качан?" аттуу интеллектуалдык оюнуна катышты. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жарыялады.

Орусиянын Биринчи каналынын түз эфиринде 4-мартта саат 22:30да (Бишкек убактысы боюнча саат 01:30да) орун алган оюнда Элдияр Кененсаров, орусиянын КВН жылдыздары жана белгилүү актёрлор Михаил Галустян, Гарик Мартиросян, Вадим Галыгин, Сергей Кашников, Алексей Кривеня менен биргеликте оюн көргөздү.

Жазгы сезондун алгачкы оюну болгон бул эфирде оюнчулар Орусиянын шаарларында жана Беларусь өлкөсүндө жашаган телекөрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп издешти. Оюндун жыйынтыгында КВН жылдыздарынан түзүлгөн команда 6:4 эсебинде жеңишке жетти.

Эң мыкты оюнчу деп командага 3 упай алып келе алган белгилүү "Таганрог" КВН командасынын мүчөсү Сергей Кашников аталды. Жеңиш үчүн оюнчулар "Хрусталдык атом" сыйлыгын алышты.

Эмне? Кайда? Качан? - интеллектуалдык оюну алгачкы жолу 1975-жылы 4-сентябрда Биринчи каналдын эфирине чыккан. Аталган оюнда 6 адамдан турган топ, телекөрүүчүлөрдөн келген суроолорго 1 мүнөттүн ичинде жооп берүүгө тийиш. Туура жооп берген тарап упай топтоп акчалай сыйлыкка ээ болот.






Элдияр Кененсаров жана КВН командасы "Эмне? Кайда? Качан?" оюнунда болушту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
05.03.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец
05.03.2018. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деп тошун какпаган,акырын журуп баарына жеткен мен сыйлаган инсан.Бар бол!Азаматсын Элдияр
05.03.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын
06.03.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Жоону чапса эр чапты , аты калды Манаска" дегендей. Азия Микс командасынын башка мучолорун да котормолоп колдойлу. Эльдияр, молодец. Иштерине ийгилик!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: