super.kg logo

Араванда тургундан көңүлдөшүң бар деп 400 миң сом акча талап кылган имам менен кылмыштуу топтун мүчөсү шектелип кармалды

 

Араван районунда тургундан зына (аягы суюктук, бузукулук) иштерди кылгансың деп 400 миң сом акча талап кылган 2 жаран кармалган. Алардын бири айыл имамы, бири кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жаран болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге билдиришти.

"Окуя 18-февралда болгон. Ош облусундагы Араван районунун Ф.Р. аттуу тургуну Ош ОИИБине арыз менен кайрылган. Ф.Р. арызында: "О.М. аттуу жаран менин агамдын аялына келип, зына иштерди кылып жүрөсүң деп мени да опузалап, 400 миң сом акча талап кылды. Ал менен кошо О.М. аттуу дагы бир жаран бар" деп жазган", - деп билдирет Ош ОИИБи.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Окуяга шектүү катары айылдын имамы, 1979-жылы туулган О.М. менен С.А. аттуу жарандар кармалган. 21-февраль күнү шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын Араван райондук соту карап чыгып, шектүүлөрдү 1 айга камакка алуу чечими чыгарылган. Бирок 27-февралда Ош облустук соту камактагы имам О.М.нын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына алмаштырган.

"Кармалган жарандардын бири, 1986-жылы туулган С.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин билдирди. Учурда бул окуяны ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын тергөө бөлүмү карап жатат", - деп билдирет Ош ОИИБинен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
05.03.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кой терисин жамынган карышкырлар аябай көбөйдү. Муфтият баардык шаар, айыл имамдарын көзөмөлгө алуусу шарт.Эки сүрөө жаттап алса эле имамдыкка кое бербеш керек .Бирок туугандар жашаган аймактагы, мечиттердин адамдары эмес имамдары да биздикилерге анча баш ийе беришчүү эмес эле .
MUHLISA түзөттү 2018-03-05 14:20:45
05.03.2018. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
MUHLISA,
Туура кошулам. Колунан тесмеси, оозунан келмеси, оюнан шайтаны кетпеген чала молдолор толтура. Ар кимиси оюна келген шариятын айта беришет. .
05.03.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
табышкан экен шылтоону акча талап кылганга
05.03.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
темасына тушунбодум
05.03.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул айда сахнада имамдар экен да.
05.03.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
М.С П.С ГС окууп атып ойун башкача кетип калат
05.03.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Имамдарды мамлекет ото катуу козомолго керек. Динди жамынып алышып оз билгендерин айта беришет. Сыртынан кооз суйлошкону менен кыйратып иш жасагандарын коро элекмин. Азыр динге деле ото берилип кереги жок.
05.03.2018. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сакалчандардын такымы кысылып калыптырго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: