super.kg logo
  Спорт  

Ингушетиянын башчысы Муслим Евлоевди Азия чемпиону болгону менен куттуктады

 

Ингушетия Республикасынын башчысы Юнус-Бек Евкуров эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынган Муслим Евлоевди жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Евкуров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Чын жүрөктөн биздин жердешибизди, Кыргыздын атынан мелдешке чыгып жүргөн, Ингушетиянын күрөш мектебинин дагы бир тарбиялануучусу Муслим Евлоевди Азия чемпиондугунда 74 килограммга чейинки салмак ченинде жеңишке жеткени менен куттуктайм. Алдыда көбүрөөк жеңиштер болот", - деп жазган ал.

Айта кетсек, Муслим Евлоев кечээ, 4-мартта Бишкекте өткөн эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын медалды тагынып, жеңиштен кийин "Өз өлкөңдө өтүп жаткан мелдешке чыкканда жоопкерчилик күчтүү болот экен", - деп өз сезимдери менен бөлүшкөн.

Белгилей кетсек, Муслим Евлоев Ингушетиянын күрөш мектебинин тарбиялануучусу, ал 2015-жылдан тартып эл аралык мелдештерде Кыргыз желегин желбиретип келет. 2015-жылы Муслим Евлоев Азия чемпиондугунда 5-орунду ээлеген. 2017-жылы Евлоев Азия чемпиондугунда 2-орунду ээлеп, Ислам Тилектештик оюндарында алтын медалды багындырып жана Түркияда өткөн “Yaşar Doğu-2017” мелдешинде алтын медаль тагынган.

Эске салсак, Юнус-Бек Евкуров 2016-жылы Түркиянын атынан чыгып, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында күмүш медаль тагынган Зелимхан Картоевге батир жана автоунаа белек кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
05.03.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Красавчик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: