super.kg logo

Жогорку Соттун алдында коррупцияга каршы митинг өтүүдө (фото)

 

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Соттун алдында коррупцияга каршы митинг өтүп жатат. Анда жарандык активист Рита Карасартова президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүү боюнча демилгесин колдой турганын айтты.

"5-март сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бизге соттордон жабыркаган жарандар кантип соттогу башаламандыкты токтотобуз деп кайрылышат. Ошондо күн жылыганда сот системинин кызматкерлеринин кесиптик майрамында чогулуп, аларга болгон нааразычылыгыбызды айтабыз деп чечкенбиз. 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президентибиз Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшкөнгө саясий эрки жете турганын айткан. Ошондон кийин биз президенттин коррупцияга каршы демилгесин колдоп, акцияга чыгып жатабыз. Сот бийлиги Кыргыз Республикасынын атынан мыйзамдуулукту орундатканга мүмкүнчүлүгү бар. Биздин соттор саясий буйрутманы аткарып, мыйзамдарды көзүнө илбей жатат", - деди Карасартова.

Митингге болжол менен 150гө жакын адам чыкты. Алардын талабы - сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту жана мыйзам бузууларды токтотуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: