super.kg logo

10 жаштагы Мирсаиттин мээ клеткалары жабыркагандыктан беш айдан бери комада жатат. Апасы баланы сактап калуу үчүн 3 ай убакыт калганын айтууда

 

Бишкек шаарынын 10 жаштагы Мирсаит аттуу тургуну мээ клеткалары катуу жабыркагандыктан беш айдан бери комада жатат. Алгач 2017-жылдын 2-октябрында үстүнө пескоблок түшүп кетип, №3-балдар ооруканасына жеткирилсе, кийин дарыгерлер боору жарылып кеткендигин аныктап, операция жасашкан. Бирок апасы Чолпон Токтоналиеванын айтымында, операциядан кийин баласынын абалы аз убакытка гана оңолуп, андан кийин эс-учун жоготуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

"Дарыгерлер алгач бооруна операция жасашкан. Бирок ашказаны да жабыркаганын байкабай калышкандыктан, балам ошол күнү кечинде эсин жоготуп, жандандыруу бөлүмүнө жатып калды. Ал жерде 2 ай жатып 5 ирет операция жасаттык. Улам наркоз ала бергендиктен мээ клеткалары жабыркап, абалын андан да оорлоштуруп алдык окшойт. Бир ай үйдө дарылап, кайра "Алгачкы балдар хосписи" борборуна алып келдик. Жалпы 5 айдан бери баламдын абалы өзгөрүүсүз", - деди Токтоналиева.

Ошондой эле баланы толук айыктыруу үчүн тез аранын ичинде Москва шаарындагы жеке клиникага алып баруу керек болуп жатканын айтты.

"Жакында Орусиянын Москва шаарындагы жеке клиника менен сүйлөштүк. Алар баламдын мээ клеткаларын көрүп, 3 айдан кечиктирбей алып келүү керектигин айтышты. Эгерде убакыт өтүп кетсе эч кандай натыйжа болбойт экен. Ал клиника бир жыл дарыласа, күнүнө 10 миң рублдан (жалпы 3 айдан 3 жолу дарыланат) алат экен. Андан сырткары баланы жеткирүү үчүн учактын баасы 200 миң сом болуп жатат. Ошондуктан жардамга муктажбыз. Жардам бере турган адам жок. 2 кызым турмушка чыкса, 19 жаштагы улуу балам азырынча эч жерде иштебейт. Жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Элден жардам сурап банктан эсеп ачтырсам 60 миң сомдой акча чогулуп калыптыр. Бирок ал 6 эле күнгө жетет. Мындан улам баламды сактап калуу үчүн элге кайрылууга аргасызмын", - деди ал.

Жардам берүүнү каалагандар болсо, Чолпон Токтоналиеванын 0700 229 557 номуруна чалсаңыздар болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.03.2018. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ии байкушум сакайып кет Аллахым жардам бере кор Пендене Йа Роббим!!
05.03.2018. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы болуп кетсин.Жанагы акчасын орттогондор ушундайларга берсе аз болсо да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: