super.kg logo

Тогуз-Тородогу айылдык кеңештин төрагасы: "Алтын ылгоочу комбинат жабылбаса, жергиликтүү тургундар аны талкалоого даяр"

 

10-мартка чейин Тогуз-Тородо салынып жаткан алтын ылгоочу комбинат жабылбаса, жергиликтүү тургундар аны талкалоого даяр. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта маалымат жыйынында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңешинин төрагасы Уланбек Шерипов билдирди.

Анын айтымында, алтын ылгоочу комбинат элдин нааразычылыгына жана жергиликтүү бийликтин тыюу салганына карабай курулуш иштерин жүргүзүүдө.

"Биздин эл ушул комбинаттын курулушуна каршы. Комбинат кайсы документтердин негизинде курулуп жатканын биз билбейбиз. Себеби жергиликтүү кеңештин ар бир айылынын "курулбасын" деген токтомдору турат. Бул токтомдорго карабай комбинат бүгүнкү күнгө чейин ишин жүргүзүп жатат. Ошол себептен эл көтөрүлүп, каршы ой-пикирин билдирип жатат. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков "жергиликтүү кен байлыктар элдин макулдугу менен гана казылсын" деп айткан. Президенттин сөзүн, бийликтин буйругун булар уккусу келбейби?" - деди Шерипов.

Ошондой эле ал жергиликтүү тургундар комбинатты бузуп, талкалоого даяр экендигинин айтты.

"Тогуз-Тородо чоң көйгөй турат. Эгерде 10-мартка чейин комбинаттын курулушу мыйзам чегинде токтобосо, жергиликтүү эл митингге чыгып, комбинатты толугу менен талкалайбыз деп жатышат", - деп кошумчалады айылдык кеңештин төрагасы.

Эске салсак, 7-февралда Тогуз-Торо районунда жаңы курулуп жаткан алтын ылгоочу комбинат калк жашаган аймакта жайгашкандыктан анын тез арада жабылышын талап кылып 500дөй адам митингге чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.03.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кылат Тогуз торолуктар. Антбесе мамлекетке жаратылышка, зыяндан башка пайда алып келбей кайсы бир эл жегичтердин чонтогуно кетип атат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: