Электр энергиясы үчүн калктан акча чогултуу май айында 110 пайызга аткарылды
Ушул жылдын май айында “Түндүк электр” ишканасынын товардык өндүрүмү 244 миллион 200 миң сомду түзсө, калктан төлөм үчүн 280 миллион 800 миң сом чогулуп же пландалган сумманын 115 пайызын түзгөн. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди. Ал эми жыл башынан бери жоготуулардын көлөмү 2012-жылга салыштырмалуу 3,6 пайызга кыскарган. Май айында калктан төлөм чогултуу 110,4 пайызга аткарылгандыгы айтылды. Төлөм боюнча планды өнөр жай мекемелери 120,5 пайыз, бюджеттик мекемелер 147,8 пайыз, айыл чарба мекемелери 93,6 пайыз жана башка пайдалануучулар 110,6 пайызга аткарды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

