super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Жалпы медалдык эсепте Кыргыз курамасы 6-орунду ээледи

 
Акжол Махмудов
Муслим Евлоев
Жоламан Шаршенбеков
Атабек Азисбеков
Улукбек Жолдошбеков
Мээрим Жуманазарова
Каныбек Жолчубеков

Бишкекте болуп өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунда жалпы медалдык эсепте Кыргыз курама командасы 2 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медаль менен 6-орунда жайгашты.

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 27-февралдан 4-мартка чейин өткөрүлгөн Азия чемпиондугунун жыйынтыгында Кыргыз балбандар 11 медаль жеңип алышты. Бул жыйынтык жалпы медалдардын саны боюнча Кыргыз тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелип, муну менен Кыргыз курама командасы жалпы медалдык эсепте 6-орунда жайгашты.

Медалдык эсепте 1-орунду Кытай курамасы камсыздай алды. Алар 7 алтын, 1 күмүш жана 8 коло медаль жеңип алышты. 2-орунда 6 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалды багындырган Ирандын балбандары жайгашса, 3-орунда 4 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медаль менен Өзбекстан курама командасы жайгашты.

Кыргыз балбандар грек-рим күрөш боюнча мелдеште 8 медаль, кыз-келиндер арасында 1 медаль жана эркин күрөш боюнча мелдеште 2 медаль жеңип алышты.

Медалдарга жетишкен Кыргыз балбандар:

Грек-рим күрөшү:

Акжол Махмудов (72 килограмм) - алтын медаль;

Атабек Азисбеков (82 килограмм) - күмүш медаль;

Жоламан Шаршенбеков (55 килограмм) - күмүш медаль;

Урмат Аматов (63 килограмм) - күмүш медаль;

Каныбек Жолчубеков (60 килограмм) - коло медаль;

Азат Бейшебеков (87 килограмм) - коло медаль;

Үзүр Жузупбеков (97 килограмм) - коло медаль;

Мурат Рамонов (130 килограмм) - коло медаль.

Эркин күрөшү:

Муслим Евлоев (74 килограмм) - алтын медаль;

Улукбек Жолдошбеков (61 килограмм) - коло медаль.

Кыз-келиндер арасында:

Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) - коло медаль.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.03.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу Тыныбековачы же ал күрөшкө чыга элекпи?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: