super.kg logo

Акча үчүн аялуу жерлерин онлайн режимде көрсөткөн кыз-келиндерди кантип жумушка тартышат?

 

Бишкекте интернет аркылуу "виртуалдык төшөк кызматын" көрсөткөн кыргыз кыз-келиндеринин саны көп экендиги социалдык тармактарда жазылууда. Буга чейин SUPER.KG акча үчүн аялуу жерлерин онлайн режимде көрсөткөн кыз-келиндердин талкууланып жатканы жөнүндө жазган.

Бул жолу порталдын журналисти кыз-келиндерди ишке алган вебкам студиялардын бирине иш издеген жаран катары кайрылып, алар тууралуу айрым маалыматтарды алды. Моделдик студия катары ачылып, кыздарды виртуалдуу ырахат көрсөтүүгө үндөгөн жайлар кандай таризде иштей турганын "жаңы кызматкерге" студиянын агенти түшүндүрүп берген.

- Салам! Сүрөт жиберсем болобу?

- Ооба.

- Анонимдүүлүк сакталабы? Башкалардыкы жайылып кеткенинен чочулап жатам...

- Сакталат, жайылбайт! Кепилдик беребиз.

- Канча акча төлөйсүңөр?

- 500 доллардан өйдө. Жолугуп сүйлөшөлү. Калганын жолукканда кенен түшүндүрүп берем.

Бул жоопту уккандан кийин башка студияга кайрылдым.

Ал студия күн тартиби эркин, бирок көп каражат тапкан жумуш деп сунуштап баштады. Өздөрүн "моделдик студия" деп атаганы менен иштөө тартибин төмөндөгүчө түшүндүрүштү:

- Бул агенттикке кабыл алынган кыздар онлайн режимде чет элдик кардарларга жылаңачтанып алып кызмат көрсөтөт. Кардар түрдүү ыкмада "иш көрсөтүп берүүнү" сурашы мүмкүн. Студияда иштеген ар бир кыздын жарым жылаңач сүрөттөрү атайын сайтка жарыяланып, кардарлар табитине туура келген кыздарды тандап алат. Виртуалдык интим кызматы үчүн электрондук капчык аркылуу акча төлөнөт. А биздин кыздар онлайн түрүндө кумар оюнун көрсөтүп беришет. Кыздар үчүн атайын веб-камерасы бар компьютерлер орнотулган бөлмө каралган. Иштегенге жараша 1 айда 2000 доллардан 5000 долларга чейин акча тапса болот.

Мен жумушка кириш үчүн студиянын кызматкерлерине электрондук кат аркылуу байланышып көрдүм. Алар паспортумду көрсөтүүнү талап кылышты. Паспортумду сүрөткө тартып, өзүмдүн да сүрөтүмдү кошуп жибердим. Андан кийин иш берүүчүлөр анонимдүүлүк 100 пайыз сакталышына кепилдик беришти. Мен бир нече мамлекеттин жарандары менин студиядагы жеке баракчамды көрбөсүн, аларга жеткиликсиз болсун десем, ошол мамлекеттер сайтты ача албай тургандай кылып беришти.

Макулдашуулардан кийин сайттан жеке баракча ачып,1 жума сыноо мөөнөтүн беришти. Бул убакыт аралыгында кадимкидей эле кызмат көрсөтүп, кардар табышым керек. Көп убакыт онлайн болсом, кардарым да көп болорун түшүндүрүп беришти. Бирок мен студияга баш бага элекмин, ага барууга ашыккан жокмун, анткени максатым башка...

Мени таң калтырганы "Башка моделдерди кызматка чакырсаң, анын көрсөткөн кызматынын 10 пайызы сенин капчыгыңа түшүп, кошумча каражат табасың" дегени болду. Демек, бул кызматка кыздарды азгыруу жол-жобосу ойлонуштурулган.

Буга чейин вебкам студиялар боюнча жашы жете элек кыз Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылган. Натыйжада жашы жете элек өспүрүм кыздарды порнографиялык мүнөздөгү иштерге тартуу фактысы аныкталып, аны уюштурган эки жаран кармалган эле.

Милицияга тамыр алып бара жаткан кызмат тууралуу кайрылгандар барбы деген суроо менен кайрылганда, төмөндөгүдөй жооп беришти.

"Учурда мындай өңүттөгү арыздар түшө элек. Эгер шектүүлөр болуп калса анда сөзсүз териштирүү иштерин жүргүзөбүз", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан. Алардын айтымында, андан бери милицияга бул боюнча арыз түшкөн эмес.

Кошумчалай кетсек, студияда кыз-келиндерден тышкары мырзалар дагы иштешет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(14)
05.03.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кудай жазасын берсин!
05.03.2018. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Сойкулардын устунон милиция кызматкерлери доля этип крышовать этип анан пайдасын сойкукана иштеткен жогорку кызматтагы адамдар коргондой эле бул жерде виртуалдык секс кызматын пайдаланып бизнес жасап жаткан адамдар жогорку кызматтагы адамдар, милиция и криминалдар албетте. Жонокой эле жаран мындай виртуалдык-секс бизнесин иштете албайт.
05.03.2018. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Оюу жоктор келечекте кантип уй було курам дешпейби ал видеолор интернетте сакталып калат
05.03.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Маршруткада журуудон уялган депутат ушул нерседен уялат бекен
05.03.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул акмактарды камаш керек
05.03.2018. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жер жутуп кеткирлер
05.03.2018. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул эмне деген мыйзам. Демек сойкулук кылууга өлкөбүздө мыйзам жол берет экенда ээ. Ошол мыйзамды жазаарда бир күн барып өзүнүн кызы же небереси алданып ушул порно сайттарда кызмат көрсөтүп калаарын ойлоду бекен биздин мыйзам чыгаруучуларыбыз. Качан арыз түшкөнгө чейин билсе да отуруша берет турбайбы күч органдарыбыз. Же журналисттер тапканды оперлерибиз таба алышпайбы? Бул кызматтын жайылышына жогору жактагылар түздөн-түз күнөөлүү.
06.03.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dalil, чалынып кетсең деле жогору жактагылардан көрө берген шордуу окшойсуң. Бул жерде кайсы мыйзам турат, канчанчы беренеси деп айтылып жатат. Бул жөн гана адамдардын арам акча таап алуунун жолун ойлонуп тапкан иши! Кудай баарыбызга ыйман берсин.
05.03.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудайдын каарына кала турган болдукго, болгону бир кесэ тамак жетет курсагыбызга. Бир кун корсототго каарын эсинерде болсун.
05.03.2018. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мамлекет андайларды жаппаса
Эл жабыш керек андайларды кобойуп кете электе
06.03.2018. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Гезиттерде 30 жашка чейин модельдер керек деп 10догон жарнамалар турат.Эмнеге ошолорду текшербейт?
06.03.2018. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра реклама кылып коюпсунарда иликтеген болуп.
06.03.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АстагфирАллах
06.03.2018. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана? Эмнени аныктадынар? Эмне деп аталат экен ошол сайт? Эмнеге ИИМге арыз бербединер? Эртен кулачын жайып кенейип кетсе не болот. Билген экенсинер арыз жазгыла да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: