super.kg logo
  Саясат  

7-апрелде Бишкекте митинг пландалууда

 

Коррупцияга каршы кийинки митинг 7-апрелде улантылат. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Бишкекте коррупцияга каршы митингди жыйынтыктап жатып жарандык активист Рита Карасартова билдирди.

“Бүгүн биз менен сүйлөшүүгө президенттин өкүлү чыккан жок. Кайрылуубузду өзүбүз деле алып барып тапшырабыз. Бул бизге уят деле эмес. Бүгүнкү күндө элге болгон мамиле ушул. 100 метр жерден чыгып коюшпайт. Жогорку Кеңештин депутаттары деле чыгып койсо болмок. Элден ажырап кеткени ушул жерде көрүнүп турат. Жалпы республикалык жарандык кыймылга айланып туруп жарандык көзөмөлдү күчөтпөсөк, бийликтеги коррупция өзүнөн өзү жок болбойт. Кийинки жыйынды 7-апрелге койдук. Ага чейин талаптарыбызды жаңылап кайрадан чогулабыз”, - деди Карасартова.

Митингдин соңунда кайрылууну Рита Карасартова өзү президенттин коомдук кабылдамасына алып кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: