Бишкек мэриясынын Эл аспаптар оркестри Нарында концерт берет

16-июндан 27-июнга чейин Нарын облусунда КРнын Эл артисти, дирижёр Бакыт Тилегенов жетектеген Бишкек шаарынын мэриясынын Эл аспаптар оркестри чоң программадагы концерт берет. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, ш-чара 2013-жыл - “Иштерман” жылынын алкагында уюштурулууда. Концерттик программа фольклордук, элдик жана дүйнѳлүк классикадагы чыгармаларды камтыйт. Гастроль өкмѳттүн Нарын облусундагы ѳкүлү Канат Муратбеков жана Жумгал районунун акими Адыл Исагуловдун чакыруусу менен уюштурулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.