super.kg logo
  Спорт  

Сууда сүзүү боюнча Словакияда өткөн мелдеште Кыргыз спортчулар 4 медаль жеңип алышты

 

Словакиянын Братислава шаарында 1-5-март аралыгында өткөн сууда сүзүү боюнча эл аралык мелдеште Кыргыз спортчулары 4 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү федерациясы билдирди.

Аталган мелдеште Европанын 500дөн ашуун спортчусу катышып, Кыргыздын атынан Денис Петрашов, Владислав Шулико, Азиз Сансызбаев, Елизавета Рогожникова жана Темирлан Каратаев катышкан.

Мелдештин жыйынтыгында Денис Петрашов брасс стилинде 100 жана 200 метр аралыкта күмүш медалдын ээси болсо, Елизавета Рогожникова эркин стилинде 200 метр аралыктагы жана 800 метр аралыктагы жарышта коло медалды жеңип алган.

Эске салсак, Денис Петрашов 2017-жылы Азия чемпиондугунда алтын медалды жеңсе, Елизавета Рогожникова коло медалды багындырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
05.03.2018. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдик кабарды кантип сиздерге жонотсом болот
05.03.2018. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aydarov.0607, саламатсызбы! Жаңылыгыңызды кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: