super.kg logo

Депутат балдарга сүйүнчү пулдун көлөмүн бийик тоолуу аймактарда көбүрөөк берүү керектигин айтты

 

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети балдарга жөлөк пул берүү боюнча мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү биринчи окууда карады. Анда депутат Алмазбек Токторов балдарга сүйүнчү пулдун көлөмүн бийик тоолуу аймактарда оор шартта жашагандарга каралган жогорку коэффициент менен берүү керектигин айтты.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунованын маалыматына караганда, учурда өлкөнүн бардык аймактарында бирдей өлчөмдө сүйүнчү пул берилет.

"Азыр сүйүнчү пулга жылына 650 миллион сом каралган. Бул абдан чоң каражат. Эгер тоолуу аймактарда, оор шартта жашагандардын коэффициенти кирсе, ага дагы 50 миллион сомдун тегерегинде каражат керектелет", - деди Исакунова.

Депутаттар бул каражат анча көп эмес экенин айтып, өкмөттү бул маселеге көңүл бурууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.03.2018. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Декретте отурган,2017 жылы торолгон балдарыбызды кучактап,окмоттон умутубузду узуп отуруп калдык,документ чогултуп тапшырганы жоносок эле иштеп декретке чыгыпсын деп кайра жолго салат.
05.03.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окмот мактана бербей биринчи акча табышсынчы
05.03.2018. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүл сатып, саат, кресло сатып алгыча акчаны ушундай жакка жумшаса болот го. Эхх өкмөт, өкмөт!
06.03.2018. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо суйунчу пул 2017-жылы туулган балдарга берилбейби?менин балам 2017-жылы 2-ноябрда туулган эле
06.03.2018. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Melisysakov68,ооба берилбейт,жаш наристелердин ырыскысын жеп байып атышат депутаттарыбыз,ичин тешип чыкса экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: