super.kg logo
  Спорт  

ЭЛДИК ВИДЕО: Футболчулар менен күйөрмандардын ортосунда жаңжал чыкты

 

"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Футболчулар менен күйөрмандар ортосунда жаңжал чыкты" деген аталыштагы видео жүктөлдү.

Анда Голландиядагы футболдук дивизиондо "Гоу Эхед Иглс" жана "Де Графсхап" командалары оюн көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында, "Гоу Эхед Иглс" командасы атаандашынан жеңилип калган. Мындай жыйынтык аталган футболдук клубдун күйөрмандарын ачуулантып, футболчулар менен күйөрмандардын ортосундагы жаңжалга алып келген. Тактап айтканда, күйөрмандар оюн аяктаган соң футбол талаасына чуркап чыгып, нааразычылыктарын билдиришкен. Пикир келишпестик эки тараптын мушташына чейин жеткен. Белгилүү болгондой, окуядан бир аз убакыт өткөн соң жогоруда аталган футболдук клубдун жетекчилиги элден кечирим сурап, күнөөлүүлөр сөзсүз түрдө өз жазаларын ала турганын кошумчалаган.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: