Адылбек Курбанов Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлыгынан кетти

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Адылбек Курбанов берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Адылбек Курбанов бул кызматка 2017-жылдын 20-декабрында дайындалган. Буга чейин ал Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

