super.kg logo

Бишкек ЖЭБди оңдоодогу уурулук фактысы боюнча кармалган "Электр станциялары" ишканасынын кызматкери Бердибек Боркоев 2 айга камакка алынды

 

Бишкек ЖЭБди оңдоодо уурулук фактысы боюнча кармалган "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоевдин баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бердибек Боркоевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 5-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып, аны 2 айга камакка алуу чечими чыгарылган.

Айта кетсек, буга чейин УКМКдан Бишкек ЖЭБди оңдоодо ири суммадагы уурулук фактылары аныкталганын, ага байланыштуу "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоевдин кармалганын кабарлашкан.

Бердибек Боркоев кызматынан ушул жылдын 6-февралында бошотулган. 19-февралда өкмөт үйүндө ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтеген өкмөттүк комиссиянын жыйынында кызматтан алынгандардын катарында Боркоевдин да аты аталган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.03.2018. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коп акчаны жалгыз жей албайт, ары жакта толтура киши бар. Сен отура бер, тынчыгандан кийин чыгарып алабыз дешти да.
ruslanz түзөттү 2018-03-05 20:05:48
05.03.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ruslanz,козун ачык бакшы окшойсун
06.03.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Melis2014,Туура эле айтып жатат. Көзү ачык эмес көзү жабык деле.Кыргызстандын мындай шоусун ойлонбой туруп билип калды. Элди тынчытуу максаты экени көрүнүп турат. Коррупцияга өзү жалгыз бара албайт. Чоң кызматта
иштегендерден, жок дегенде 4 кызматкер кармалышы керек болчу
05.03.2018. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Подставное лицо
05.03.2018. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизги чон ууруну эч ким кармай албайт да эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: