super.kg logo
  Саясат  

Таластык дыйкандарга 155 миллион 867 миң сомдук жеңилдетилген насыя берилген

 
Талас облусунда 13-июнга карата 919 дыйкан-фермерге жалпы суммасы 155 миллион 867 миң сомдук үстөгү 10 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилди. Берилген насыялардын 14 миллион 355 миң сому талаачылыкты, 141 миллион 512 миң сому мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган. Жеңилдетилген насыяларды берүү бир нече банктын облустагы филиалдары тарабынан ишке ашырылып жатат. Аталган насыяларды алууга облус боюнча жалпысынан 1894 дыйкан-фермерлер арыз жазган. Ал эми өкмөт тарабынан Таласка бөлүнгөн насыялардын жылдык каржылоо суммасы 280 миллион 692 миң сомду түзөт.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: