super.kg logo

Бишкекте "Музаман" тобунун тушоо кесүү концерти өттү

 

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Музаман" тобунун жеке концерти өттү. Ырчы жигиттердин бүгүнкү концертин борбор калаадагы тушоо кесүү иретинде десек да болот. Белгилей кетсек, аталган топ чакан тушоо кесүү концертин Талас өрөөнүндө былтыр жазында тартуулашкан. Үч жигитти жеке концерти менен куттуктап эстрада ырчылары Майрамбек Осмонов, Курал Чокоев, Ишен Назаров жана "ДЕМ" театры келген. Аталган театр көрүүчүлөргө "Тажаалдар таймашы" аталышындагы тамашалуу оюнун тартуулашты. "Музамандын" мукам үндүү жигиттери роялдын коштоосунда кыргыз элине сиңип калган таанымал авторлордун ырларын жандуу аткарышып, көрүүчүлөрдүн кызуу колдоосуна ээ болушту.

Ошондой эле концерттик кечени Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин студенттери, "Жаз", "Таажы" бийчилер тобу, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын студенттери, аталган театрдын актёрлору сахналаштырылган номерлери менен коштошту. Концерттин соңунда "Музаман" тобу акын Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазылган Шамшыбек Өтөбаевдин "Сен ооруба, мен ооруюн, Ата журт" ырын аткарып, жыйынтыкташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: