super.kg logo

Шабдан баатыр жөнүндө тасма тартууга бөлүнгөн каражаттын 11 миллион 500 миң сому максатсыз пайдаланылган

 

Шабдан баатыр жөнүндө тасманы тартууга бөлүнгөн каражаттын 11 миллион 500 миң сому максатсыз пайдаланылган. Ошондой эле тасма толук тартылып бүткөн эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы Шабдан баатыр жөнүндө тарыхый тасманы тартуу иши колго алынган. Анда көркөм тасманын эки сериясын тартууга каражат бөлүнүп берилген. Чыгашалардын жалпы суммасы 80 миллион сом деп эсептелип, Каржы министрлиги 2014-2015-жылдары тасма жаратуучуларга 20 миллион сом бөлүп берген. Анын 11 миллион 500 миң сому айлык-акыга, техникалык жабдыктарды сатып алууга жана башка иштерге максатсыз жумшалган. Ал эми 8 миллион 500 миң сом тасманын продюсеринде калганы каржылык текшерүүдөн кийин аныкталып, ал сумма республикалык бюджетке кайтарылып берилген.

Бөлүнгөн каражаттын 60 миллион сому берилбей, тасманы тартуу иштери токтоп калган. Ал эми тарыхый көркөм тасманын продюсери жана режиссёру Эрнест Абдыжапаров каражаттардын негизги бөлүгү техникалык жабдууларды сатып алууга, костюмдарды тиктирүүгө иштетилгенин SUPER.KG порталына билдирди.

"2014-жылы "Кыргыз фильм" киностудиясына мамлекет тарабынан тарыхый тасма тартууга буйрук келген. Ага ылайык тартуу иштери күз мезгилинде башталмак. Бирок биз жазында эле аракет кылып баштаганыбызда мамлекет 10 миллион сом бөлүп берген. Ал каражатка кино тартуучу үчүн атайын жаңы камера сатып алганбыз. Камера көп суммадагы каражатка алынган. Ошондой эле костюмдарды тиктирдик, курал-жарактарды алдык. 7 дубандын аймактарын кыдырып, кайсы жерден тартса ыңгайлуу болорун изилдедик. Ошондо дагы 10 миллион сом бөлүп беришкен. Албетте, ошол мезгилде тасма тартуучу командага айлык төлөнүп турду. Тартуу иштери башталганда киностудиянын жетекчиси мени чакырып "тасманы тартууну токтотобуз, буйрук келди" деп арыз жаздырып алды. Эмнеден улам тасманы тартуу иштери токтотулуп калганын эч ким түшүндүргөн эмес", - дейт продюсер.

Ошондой эле ал тасманы тартууну токтотуу боюнча чечим анын сценарийине байланыштуу ызы-чуулардан улам келип чыккандыгын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
06.03.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чондор эле жейт экен десек, жер устундо жашагандын баардыгы жейт турбайбы. Жебеген жердин астында экен.
06.03.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
plaza85,Жаны камера сатып алыпсынар Эскиси менен тартса болбойт беле
06.03.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Режиссерлордун деле уяттары жок болот. Өздөрүнүн камерасы деле жакшы бирок кинонун артынан акыркы модельдеги камераны алдырып алышат. Акчаны укмуш чачышат киного шылтап. Бир кинодон бир эмес эки квартира алып коюшат
06.03.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар деле адамда тоже жегиси келет. Булар деле алдайт дегендей, мен билем до+фа тартылганда фотоаппарат менен тартып коюпсуң деп ызычуу болуп жүрүшкөнүн. Азыр көп эле кинолор фотоаппарат тартылат. Камера менен тартылган кино алысты жакын кылып обьектив жылып турат. А булар болсо рельс колдонушат
Adiletia түзөттү 2018-03-06 17:32:04
06.03.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Акча корото бербей ооругандарга беребиз деген адам аранардан чыгат бекен. Жок дегенде гемодиализ аппаратынан 2-3 алып алыскы обл берсенер болмок. Канча адамдын жашоосу ошого муктаж болгондор да бар. Байкуштар 4 тыйынын жыйнап Бишкекке келет, келсе ал да очередь. Киного, кочмондор оюнуна, жолго,гулго, 1 кундук шоуго ж.б акча корото бересинер, корото бересинер же пайда чыксачы.
06.03.2018. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир нормальный режиссер жок уяласың биздин кинолордон, абдыжапаров жабиров дегендер аман эле болушсун. А жанагы мамакеев деген вообще ал болбогон режиссер, кинону бир тартат кайра кайра эле окшош кылып тажаткан болбойт. Тамашоунун балдарын көргүм келбей калды
06.03.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аман эле болушсун. Ушундай маанилуу тарыхый кинолорубузду жон тартышпайт. Иш козгош керек. Мулкторун камака алыш керек.
zhaku2017 түзөттү 2018-03-06 12:00:04
06.03.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жыргап жашап жаткансып, акчаны ысырап кылабергиле, кинодон башка промлема жок беле.
06.03.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир уруунун баатыры учун ушундай экономикалык кысталыш абалда олчойгон акчага кино тартып атабыз,мына жетишкендик ...
Askartoo түзөттү 2018-03-06 12:42:42
06.03.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жадакалса жакшы тарткан аппараттары жок режиссер экенда. Фильмди Кытайга же тендер менен бергенде балким тартылып бутмок.
06.03.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jbolotov,
Ошону айтсаң камерасы жок кантип режиссер болуп жүрөт.
06.03.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдыжапаровко эмнеге берди тушунбойм.башка режисерлор тартса болмок.
06.03.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Замир Эралиев деген режиссер Эрнест Абдыжапаров режиссерлука студия ачканда озу кино тартышты билбесе башкаларга кантип уйротот дегенин окуган элем.
06.03.2018. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mamatkerim, туура как-то странный адам ошол Эрнест абдыжапаров деген
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: